Ссылки доступа

Илон Маск Дональд Трамптын Twitter аккаунтун калыбына келтирди


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Twitter корпорациясынын жаңы ээси Илон Маск АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамптын аккаунтун бөгөттөө тууралуу чечимди жокко чыгарды.

Буга чейин Маск Трамптын аккаунтун калыбына келтирүү боюнча Твиттерде сурамжылоо жүргүзгөн. Ага катышкан 15 миллион колдонуучунун 50% ашыгы сунушту колдогон.

Сурамжылоодон кийин Маск "Vox Populi, Vox Dei" (Элдин үнү, Кудайдын үнү) деп жазды.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Трамп Twitter'ге кайтып келүү ою жок экенин бегилеп, өзүнүн Truth Social социалдык түйүнүн колдонорун айтты. Бирок буга карабастан анын Твиттердеги аккаунтуна 9 миллиондон ашык жаңы колдонуучу жазылды.

Дональд Трамтын Facebook, Instagram жана Twitter түйүндөрүндөгү баракчалары 2021-жылы январда бөгөттөлгөн. Анда президенттик шайлоонун жыйынтыктары менен макул болбогон Трамптын тарапташтары Капитолий имаратын басып алып, бир нече киши өлгөн. Бул окуядан кийин жогорудагы соцтармактардын жетекчиликтери Трамп өз аккаунттары аркылуу тарапташтарын башаламандыктарга чакырган деген жыйынтыкка келишкен.

Илон Маск Twitter'ди октябрдын аягында 44 миллиард долларга сатып алган.

XS
SM
MD
LG