Калифорния мындай мыйзам кабыл алынган АКШнын алгачкы штаты болуп калды. Мыйзамдын тарапташтары ал окуучулардын конфиденциалдуулугун сактоого жардам берип, мугалимдерге ата-энелер менен балдардын мамилесине кийлигишпөөгө мүмкүндүк түзөрүн билдирип жатышат. Буга чейин мектептер окуучулардын гендердик идентификациясы тууралуу үй-бүлөлөрүнө маалымат бериш керек болчу.
Мыйзам кабыл алынгандан кийин Маск документ ата-энелердин укуктарын бузуп, балдарга орду толгус зыян алып келерин жазды.
Техаста бир нече жылдан бери SpaceX компаниясынын өкүлчүлүгү иштейт. Анда сыноо аянтчасы жана Starlink терминалдарын өндүрүүчү завод бар. Маск штаб-квартирасын Техаска көчүрүү планы жөнүндө жаңы мыйзам кабыл алынганга чейин эле айткан. Ал 2021-жылы күзүндө дагы бир компаниясынын – Tesla'нын башкы кеңсесин көчүргөн. Анда миллиардар бул чечимин компаниянын кеңейтилип жатканы менен түшүндүргөн. Учурда Техаста Tesla'нын экинчи автоунаа куроочу заводу курулуп жатат.
CNBC телеканалы белгилегендей, Калифорнияда АКШдагы эң жогорку киреше салыгы алынат, ошондуктан башкы кеңсени көчүрүү менен Маск миллиарддаган долларларды үнөмдөп калышы мүмкүн. Техас салыктын бул түрү алынбаган жети штаттын бири болуп эсептелет.