Ссылки доступа

Ирак бир жыныстуу мамиле үчүн түрмө жазасын киргизди


Ирак парламенти бир жыныстуу мамиледе болгондорду жазалай турган мыйзамды кабыл алды. Ага ылайык, кумсалар менен лесбияндар 10 жылдан 15 жылга чейин эркинен ажыратылат.

Ошондой эле "гендердик шайкешсиздик" үчүн да түрмө жазасы каралган. Маселен, аялдай көрүнгөн эркектер да соттолушу мүмкүн. Жынысын алмаштыргандар жана аларга жардам берген дарыгерлер үч жылга чейин эркинен ажыратылат.

Мыйзамдын максаты "Ирак коомун моралдык бузулуудан жана дүйнөнү каптаган гомосексуализмге чакыруудан коргоо" деп айтылат. Аны биринчи кезекте өлкөнүн парламентинде көпчүлүктү түзгөн консервативдүү шиит партиялары колдогон.

Мыйзам долбоорунун баштапкы вариантында кумсаларды өлүм жазасына тартуу пландалып, бирок талкууда жазаны жумшартуу чечими кабыл алынган.

Буга чейин Иракта гомосексуализм түздөн-түз кылмыш катары саналган эмес, бирок ЛГБТ өкүлдөрүнө каршы көптөгөн беренелер колдонулган. Кумсалар көбүнчө жеке адамдар же куралдуу топтордун ур-токмогуна кабылып келген. Мындай кылмыштар көбүнчө жазасыз калат.

Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму мыйзамды адам укуктарына олуттуу сокку деп атап, Ирак өлкөдө ЛГБТ өкүлдөрү дуушар болгон зордук-зомбулукту жана дискриминацияны мыйзамдаштырды деп билдирди. Мыйзамды АКШнын Мамлекеттик департаменти да айыптады.

XS
SM
MD
LG