Гарибашвили кызматтан кеткенден кийин бийликтеги "Грузин кыялы" партиясынын лидери бойдон кала берет. Ал быйыл күзүндө өтө турган парламенттик шайлоодо жеңишке жетүү үчүн даярдыкты баштоого мезгил келгенин белгиледи.
Министрлер кабинетиндеги ыктымал орун алмашуулар жөнүндө 28-январда белгилүү болгон. "Азаттыктын" грузин кызматы өкмөттүн дагы бир нече мүчөсү кызматтан кетиши мүмкүн экенин кабарлоодо. Азырынча өлкөнүн жаңы премьер-министри ким болору айтыла элек.
Ираклий Гарибашвили Грузиянын премьер-министри болуп 2021-жылдын декабрында дайындалган. Бул кызматты ал ага чейин 2013–2015-жылдары да ээлеген.
Михаил Саакашвили баштаган оппозиция Гарибашвилини орусиячыл саясат жүргүзүүгө айыптап келет. "Грузин кыялынын" өкмөтү Орусиянын Украинага кол салуусун айыптап, бирок Москвага каршы санкция салуудан баш тарткан.