Ссылки доступа

Иран Крым менен Украинанын дагы төрт аймагынын аннексиясын тааныган жок


Амир Абдоллахиян
Амир Абдоллахиян

Тегеран Крым менен Украинанын дагы төрт аймагынын аннексиясын тааныган жок. Бул тууралуу Ирандын тышкы иштер министри Хосейн Амир Абдоллахиян TRT World түрк телеканалына берген интервьюсунда билдирди.

"Биз өлкөнүн суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн эл аралык мыйзамдар боюнча тааныйбыз. Тегеран менен Москванын мамилеси жакшы экенине карабастан, биз Крымдын, Луганск менен Донецк облустарынын Украинадан бөлүнүшүн тааныган жокпуз", –деди Абдоллахиян.

Анын айтымында, Иран бийлиги тышкы саясатта “ырааттуулук принцибин” карманат. “Украинадагы жаңжал – чечим эмес экенин айтканда, бул фундаменталдуу саясий принцип экенине ишенебиз”, – деп кошумчалады министр.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Орусия Украинада колдонуп жүргөн учкучсуз учактарды Ирандан алып жатканын кабарлашкан. Киев Москваны иран дрондорун жарандык объектилерди соккуга алууда пайдаланууга айыптоодо.

2022-жылы ноябрда Иран дрондорун Орусияга бергенин биринчи жолу мойнуна алган, бирок алар Украинада согуш башталганга чейин жеткирилгенин ырастаган. Орусия иран куралдарын колдонду деген айыптоолорду четке кагып келет.

Орусия Крымды 2014-жылы аннексиялаган. 2022-жылы сентябрда Орусия президенти Владимир Путин Украинанын Херсон, Запорожье, Донецк жана Луганск облустары аннексияланганын жарыялаган.

Киев менен Батыш өлкөлөрү кандай жагдай болбосун, аннексияны тааныбай турганын билдиришкен. Украина Орусия басып алган жерлерди кайтарып алуу үчүн курал менен күрөшө турганын жарыялаган.

XS
SM
MD
LG