Ссылки доступа

Иран добуштан ылдам ракета жасаганын жарыялады


Орусиянын добуштан ылдам "Циркон" ракетасын сыноо учуру, май, 2022-жыл.
Орусиянын добуштан ылдам "Циркон" ракетасын сыноо учуру, май, 2022-жыл.

Ирандын Аэрокосмос күчтөрүнүн командачысы Амир Али Хажизаде өлкө добуштан ылдам уча турган баллистикалык ракета жасаганын билдирди.

Tasnim агенттиги анын сөздөрүнө таянып жазганына караганда, ракета жер атмосферасынын астында да, үстүндө да маневр жасай алат. Абадан коргонуунун заманбап түзүмдөрүн буйтап өтүүгө да жөндөмдүү.

Бирок ракетанын сыноодон өткөн же өтпөгөнү тууралуу маалымат жоктугун Reuters кабарлады. Батыштын аскерий аналитиктеринин пикиринде, Иран "кээде курал жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн көбүртүп-жабыртып жиберет".

Мындай ракеталарды Орусия, Кытай сынаган. Түндүк Корея да сынаган болушу мүмкүн. Австралия, Улуу Британия жана Франция да добуштан ылдам куралдарды жасоо пландарын жарыялашкан.

Ноябрдын башында Иран 80 килограммга чейинки салмактагы спутниктерди жер бетинен 500 чакырым бийиктиктеги орбитага учурууга жөндөмдүү үч баскычтуу Ghaem 100 космостук ракетасын сынаганын билдирген.

АКШ Ирандын аракеттерин "бейпилдикти бузуу" деп атаган. Вашингтон Ghaem 100 өзөктүк дүрмөт алып жүрүү үчүн да колдонулушу мүмкүн деп кооптонууда. Тегеран мындай ниеттерди четке кагууда.

XS
SM
MD
LG