“Азаттык” радиосунун өз булагы Шыхмаммедовдун мурдагы жетекчиси, Түркмөнстандын башкы прокурору Сердар Мяликгулыев да камакка алынганын быштыктады.
2-февралда Түркмөнстандын расмий маалымат каражаттары Ашхабаддын прокурору Овезмаммед Шыхмаммедов “кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбаганы жана ишиндеги олуттуу кемчиликтери үчүн” иштен алынганын жазып чыгышкан. Мурдагы прокурор өз ишинде кандай кемчиликтерди кетиргенин так айтылан эмес.
Turkmen.news басылмасы 3-февралда өз булактарына таянып, кызматтан алынгандан кийин Шыхмаммедов камакка алынганын кабарлаган.
"Башкы прокурор Сердар Мяликгулыев өткөн аптада жыйындар залынан чыгарылгандан кийин дароо камакка алынган. Ал Шыхмаммедовго каршы көрсөтмө берген болушу мүмкүн", — дейт "Азаттыктын" түркмөн кызматынын өз булагы.
Мамлекеттик коопсуздук кеңешинин 16-январдагы жыйынында Түркмөнстандын жаңы башкы прокурорлугуна Бегмурат Мухамедов дайындалган. Ал 2013-2021-жылдары юстиция министри болгон.