Ссылки доступа

Булак: Зеленский G7 саммитине катышуу үчүн Жапонияга барат


Украинанын президенти Владимир Зеленский
Украинанын президенти Владимир Зеленский

Украинанын президенти Владимир Зеленский "Чоң жети" (G7) блогуна кирген өлкөлөрдүн Хиросима шаарында өтө турган саммитине видеобайланыш аркылуу эмес, жеке өзү барып катышат. Бул тууралуу жапониялык Kyodo агенттиги жапон өкмөтүндөгү өз булактарына таянып кабарлады.

Мындан тышкары Зеленскийдин саммитке барып катышарын The New York Times, The Washington Post, CNN жана Reuters өңдүү бир катар беделдүү басылмалар да маалымдашты.

Азырынча Киев бул билдирүүлөрдү расмий түрдө ырастай элек.

Буга чейин Зеленскийдин кеңсеси президент Жапониядагы саммитке барышы мүмкүн экенин, бирок "бардыгы согуш талаасындагы кырдаалга жараша болорун" билдирген.

Bloomberg агенттигинин маалыматына караганда, Зеленский Жапонияга Сауд Арабиясында өтө турган Араб мамлекеттеринин лигасынын саммитинен кийин АКШнын аскердик учагы менен барат. Өткөн жумада Украинанын президенти Италияга, Германияга, Францияга жана Улуу Британияга барып, Киевге курал-жарактын жаңы партиясын жеткирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген.

Зеленскийди Хиросимадагы саммитке Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида март айында Киевге барганда чакырган. Күн мурун Жапониянын Тышкы иштер министрлиги украин президенти саммитке видеобайланыш аркылуу кошуларын билдирген.

Хиросима шаарында 19-21-май күндөрү өтө турган саммиттеги негизги темалардын бири Украинадагы согуш жана Киевге колдоо көрсөтүү болуп эсептелет.

Мындан тышкары саммитте Москвага каршы жаңы санкциялар талкууланат деп күтүлүүдө. Жыйындын алдында АКШнын расмий өкүлү Орусиянын согушта колдонуп жаткан материалдарга жетүүсүн кыйындатуу, санкцияларды айланып өтүү жолдорун жабуу жана Орусиянын энергетикасына көз карандылыкты азайтуу аракеттери талкууланарын айтты.

XS
SM
MD
LG