Ссылки доступа

Тажикстанда белгилүү саясий ишмер Акбаршо Искандаров кармалды


Акбаршо Искандаров
Акбаршо Искандаров

Душанбеде Тажикстандын Жогорку Кеңешинин мурдагы төрагасы Акбаршо Искандаров кармалды. Бул тууралуу «Озоди» радиосу билдирди.

Расмий түзүмдөр жана Искандаровдун жакындары бул боюнча комментарий бере элек.

Акбаршо Искандаров 73 жашта. 90-жылдардын башындагы чыр-чатактардын толкуну менен Тажикстандын Жогорку Кеңешинин төрагасы кызматын ээлеп, алтургай Тажикстандын президентинин милдетин убактылуу аткарууга да үлгүргөн.

«Озоди» радиосунун эки булагы 21-июнда Тажикстандын Башкы прокуратурасынын кызматкерлери Акбаршо Искандаровду 13-14-июнь күндөрү суракка чакырып, андан соң камакка алышканын кабарлашты.

Ал эмне себептен суракка алынганы жана кандай негизде кармалганы белгисиз.

«Ушул күндөрдө Башкы прокуратуранын тергөөчүлөрү 50гө жакын адамды суракка алып, бирок эч жакка чыкпоо тилкаты менен бошоткон, бирок Акбаршо Искандаров бошотулган эмес», - деп билдирди өз булак.

Акбаршо Искандаров депутат Саиджафар Усмонзода менен мурдагы тышкы иштер министри Хамрохон Зарифиден кийин эле кармалган. Бул камакка алуулардын байланышы бар-жогу белгисиз.

Акбаршо Искандаров акыркы жылдары Тажикстандын Илимдер академиясынын Философия, саясат таануу жана укук институтунда иштеген. Ага чейин Тажикстандын Түркмөнстандагы, Казакстандагы жана Монголиядагы толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болгон.

XS
SM
MD
LG