Ссылки доступа

Түркмөнстан прокуратурасы полиция бөлүмүндө каза болгон жаран өзүн-өзү сабап салганын билдирди


Түркмөнстандын Башкы прокуратурасы полиция кызматкерлеринин кыйноосунан кийин каза болгон Мары облусунун тургуну Алламурат Худайрамов трамадол дарысынын таасири астында өзүн сабап салган деген бүтүм чыгарды.

Бул тууралуу Turkmen.News басылмасы башкы прокурордун орун басары Рахим Атаевге шилтеме берүү менен билдирди.

“Иликтөө учурунда Худайрамовдун денесиндеги жарааттар боюнча соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Корутундуда өзүнө-өзү кол салган болушу мүмкүн экенин жокко чыгарууга болбой турганы белгиленген”, - деп айтылат билдирүүдө.

Худайрамов 2023-жылы 27-ноябрда 535 даана трамадол таблеткасын айылдаштарына сатуу үчүн өткөрүп берген деген шек менен кармалган. Ал издөөдө болгону айтылган, бирок анын жакындары ал эч кимден жашырынбаганын билдиришип, күнөөсүз экенин далилдөө үчүн полицияга өзү барганын ырасташкан.

Худайрамов камакка алынгандан кийин Мары облусундагы тергөө абагында көз жумган. Прокуратуранын маалыматы боюнча, “трамадол дарысынын уулуу таасиринен улам пайда болгон мээ шишиги" өлүмгө алып келген. Ведомство “кылмыш курамынын жоктугунан” кылмыш ишин козгоодон баш тарткан.

Худайрамовдун сөөгү өлгөндөн үч жумадан кийин гана үй-бүлөсүнө өткөрүлүп берилген. Бутунда жана белинде ур-токмоктун изи калган. Маркумдун билегинде жана буттарында кишендин тактары болгон. Turkmen.News билдиргендей, полиция болгон окуя үчүн кечирим сурап, Худайрамовдун жакындарына акча сунуштаган.

XS
SM
MD
LG