Ссылки доступа

Венесуэла: президенттик шайлоодо Николас Мадуро жеңди


Венесуэланын президенти Николас Мадуро
Венесуэланын президенти Николас Мадуро

Венесуэланын Улуттук шайлоо кеңеши жекшемби күнү өткөн президенттик шайлоодо өлкөнүн учурдагы башчысы Николас Мадуро жеңишке жеткенин жарыялады. Мадуро үчүн бул үчүнчү алты жылдык президенттик мөөнөт болот.

Маалыматка ылайык, бюллетендердин 80% эсептелип бүткөндөн кийин Мадуро шайлоочулардын добуштарынын 51% ашыгын, бириккен оппозициянын талапкери Эдмундо Гонсалес 44% алды. Калган сегиз талапкер биригип добуштардын 4,6% ээ болушту.

Оппозиция шайлоонун жыйынтыгы 2018-жылдагыдай эле бул жолу да бурмаланганын билдирүүдө. Америкалык Edison Research компаниясы жүргүзгөн шайлоо алдындагы сурамжылоолор менен экзитпол оппозициянын талапкери Гонсалес 30% артыкчылык менен жеңерин көрсөтүп жаткан.

Аргентина бул шайлоодогу Мадуронун жеңишин тааныбай турганын билдирди. Өлкөнүн мурдагы президенти Хавьер Милей оппозиция жеңишке жеткенин жана куралдуу күчтөр демократия менен элдин тандоосун коргойт деген үмүтүн билдирди.

Перу менен Чилинин бийликтери да ушундай эле чечимдерин жарыялашты.

Николас Мадуро өлкөнү 2013-жылдан бери башкарып келет.

XS
SM
MD
LG