Ссылки доступа

Израил Ирандын мизин кайтарганын билдирди


Иран Израилге жалпысынан 300дөн ашык ракета учурган, анын ичинде 170 учкучсуз учак, 30 канаттуу ракета жана 120 баллистикалык ракета болгон. Бул тууралуу Израилдин Коргоо күчтөрүнүн басма сөз катчысы Даниел Хагари билдирди.


Анын айтымында, алардын 99% жок кылынды.

"Бул абдан маанилүү стратегиялык жетишкендик",- деди Даниел Хагари.

Иран 14-апрелге караган түнү Израилдин аймагына канаттуу жана баллистикалык ракета, дрондор менен абадан сокку урган. Бул ондогон жылдардан бери урушуп келаткан Израилдин аймагына Тегеран түз жасаган биринчи чабуул болуп калды.

Ирандын түнкү чабуулунун кесепетинен 10 жашар кыз жарадар болгону белгилүү болду: ал Израилдин түштүгүндөгү Арад аймагына түшкөн снаряддардын сыныктарынан жаракат алган.

Жалпысынан 31 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Бул тууралуу Израилдин тез жардам кызматы билдирди. Кайрылгандардын көбү оор стресске жана коопсуз аймактарга бараткан жолдо алган жеңил жаракаттарына даттанышкан.

Тегеран муну Сириядагы консулдугуна 1-апрелде жасалган кол салуу үчүн өч алуу деп түшүндүрдү. Иран бийлиги бул чабуул үчүн жөөт бийлигин айыптап келет. Тель-Авив расмий жоопкерчилик албаган ал чабуулда жети ирандык аскер, анын ичинде эки генералдын өмүрү кыйылган.

XS
SM
MD
LG