Ссылки доступа

Кадыров Украинадагы согушка баргандарга 300 миң рублдан берүүнү убадалады


Рамзан Кадыров 
Рамзан Кадыров 

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров Украинага өз эрки менен согушууга бара турган ыктыярчыларга бир жолудан 300 миң рублдан төлөнөрүн убадалады. Бул тууралуу "Агентство" басылмасы билдирди.

Ошол эле маалда согушка бара тургандарга анчалык деле талап жок – алар 50 жашка чейинки "дени сак" эркек болушу керек, аскердик тажрыйба зарыл эмес. Ыктыярчылар Украинага Грозныйдагы атайын борбордон жөнөтүлөт. Андан ары алар 10 күндүк даярдыктан өтүп, андан ары согушка аттанышат. Ошол эле маалда алар менен эч кандай келишим түзүлбөйт.

"Агентство" согушка барууга макул болгон ыктыярчылардын Грозныйдагы машыгуулары тартылган бир нече видео "Телеграмга" жарыяланганын белгилөөдө. Алардын бири 47 жаштагы Тамбов шаарынын тургуну Юрий Татаринцев. Соттук чечимдер базасындагы маалыматка караганда, ал мурда киши өлтүрүү, адам уурдоо жана курал сактоо үчүн соттолгон.

Марттын ортосунда Рамзан Кадыров Грозныйдан алгачкы миң ыктыярчы Украинадагы согушка жөнөтүлгөнүн жарыялаган.

XS
SM
MD
LG