Бул тууралуу Казакстандын PaperLab изилдөө борбору жүргүзгөн “Согуш жаңырыгы: Орусия-Украина согушуна Борбор Азиядагы коомдук көз караш” аттуу иликтөөнүн корутундусунда айтылат.
Казакстандыктар Украинадагы кырдаалга баскынчылык башталгандан бери көз салышууда. Андан бери Казакстандын дагы, Кыргызстандын да жарандары “жаңжал”тууралуу кабарларга кулагы бышып калган өңдүү.
Маселен, Казакстанда 2022-жылдын жаз айларында сурамжылоого катышкандардын 32 пайызы “согушка өтө кунт коюу менен байкоо салып жатабыз” деп жооп берсе, 39 пайызы “жеткиликтүү деңгээлде” көз салып жатканын айтышкан. 2023-жылдын жазында бул көрсөткүч 26 жана 38 пайызды түзгөн.
Кыргызстанда ушундай эле сурамжылоого катышкандардын 41 пайызы “согушка кунт коюу менен байкоо салып жатабыз” дешсе, 34 пайызы “жеткиликтүү деңгээлде” көз салып жатабыз деп жооп беришкен. 2023-жылдын жазында бул көрсөткүч 33 жана 41 пайызды түзгөн.
Өзбекстанда 2022-жылдын жаз айларында сурамжылоого катышкандардын 23 пайызы “согушка кунт коюу менен көңүл буруп жатабыз” десе, 25 пайызы “жетиштүү деңгээлде” деп жооп беришкен (изилдөө бул өлкөдө 2023-жылы жүргүзүлгөн эмес). Кыргызстан менен Өзбекстан жарандарынын арасында сурамжылоону Central Asia Barometer Survey уюму жүргүзгөн.
PaperLab иликтөөчүлөрү эки жылдан кийин борбор азиялыктар согушту өздөрүнүн социалдык көйгөйлөрүнүн призмасы аркылуу кабыл ала баштаганын аныкташкан.
Маселен, казак жарандары Орусияда же Украинада жашаган туугандарына бара албай калганына тынчсызданышса, Кыргызстан менен Өзбекстан жарандары Орусияда иштеп жүргөн туугандары согушка кетиши мүмкүн деп кооптонууда.
Казакстандыктардын арасында “Орусия басып кириши мүмкүн” же өлкөнүн түндүк аймактарын “тартып алат” деп кооптонгондор да бар. 2022-жылдын ноябрь айында респонденттердин 26 пайызы "Орусия Казакстанга кол салышы мүмкүн" десе, 74 пайызы "мүмкүн эмес" деп жооп беришкен. Кооптонгондордун саны 2023-жылдын май айында 39 пайызга чейин көбөйгөн.
Иликтөөгө ылайык, чөлкөмдө 50 жаштан ашкандар (40-53 пайыз) согуштун жүрүшүнө кызыгуу менен көбүрөөк көз салууда. Алар совет доорундагы мамлекеттер бир кезде “бир туу алдында өмүр сүргөн” деген риториканы көп колдонушкан.
Иликтөөдө жаштар арасында орус агрессиясына кайдыгерлик басымдуулук кылары айтылат. Маселен, Казакстан менен Өзбекстанда 30 жашка чейинки жаштардын 15 пайызы, Кыргызстанда 22 пайызы гана “Украинадагы согушка кунт коюу менен көңүл буруп жатабыз” деп жооп беришкен.
Орусия Украинага басып киргенден кийин Өзбекстанда согушту актагандар үстөмдүк кылган (44 пайыз). 2023-жылы жазгы сурамжылоодо казакстандыктардын 23 пайызы жана кыргызстандыктардын 33 пайызы согушту актаган.
2022-жылдагы сурамжылоого салыштырмалуу согушту актаган кыргызстандыктардын саны өзгөрүүсүз калган, Казакстанда болсо согушту туура деп эсептегендердин саны 30 пайыздан 23 пайызга кыскарган.
2023-жылы жазында жүргүзүлгөн социалдык сурамжылоого ылайык, Казакстанда респонденттердин 26 пайызы согуш үчүн Орусия жооптуу десе, 20 пайызы Украинаны, 10 пайызы АКШны күнөөлөгөн. Кыргызстанда Украинаны күнөөлөгөндөр басымдуулук кылат (36 пайыз). Респонденттердин 14 пайызы жаңжалга Орусия күнөөлүү деп эсептесе, 13 пайызы АКШны күнөөлөйт.
2023-жылдын биринчи жарымында жүргүзүлгөн сурамжылоо ошондой эле Борбор Азияда Орусиянын пропагандасы уланып жатканын көрсөттү.
2023-жылдын мартында Казакстанда сурамжылоого катышкандардын 22 пайызы Украинаны, 12 пайызы Орусияны колдоп, 60 пайызы бейтарап экенин айтышкан.
2023-жылдагы сурамжылоого ылайык, казакстандыктардын 42 пайызы “согуш дипломатиялык жол менен чечилет”, 18 пайызы “Орусия Украинанын талаптарына моюн сунат”, 18 пайызы “Орусия чегинет” деп жооп беришкен.
Кыргызстанда фокус-топтун катышуучуларынын 55 пайызы эки өлкө дипломатиялык келишимге жетишерине ишенсе, 25 пайызы "Украина Орусиянын талаптарын аткарат" деп эсептешкен. Төрт пайызы гана Орусия артка чегинерин болжолдогон.
Paperlab иликтөө борборунун социологу Серик Бейсембаев бул баяндама менен уюм өзүнүн милдетин аткарды деп эсептейт.
— Иликтөөнүн максаты – илимге негизделген маалыматтарды жайылтуу аркылуу коомдук талкууга көмөк көрсөтүү. Украина темасы абдан маанилүү. Адам адис болбосо да, талкуу учурунда жаңы түшүнүк калыптанышы мүмкүн, - деп эсептейт Бейсембаев.
Бул социологиялык изилдөөнү жүргүзүүгө жардам берген айрым авторлор өз өлкөлөрүндөгү кысымдардан коркуп, аты-жөнүн ачыкташкан эмес.