Кравченко орус спорт тарыхында алгач ирет каминг-аут жасаган Надежда Карпова тууралуу кеп козгогон. Ага жооп кайтарган Касаткина атлетти колдой турганын жана ал үчүн кубанычта экенин билдирген.
“Бираз толкунданып турам. Мынчалык ачык сүйлөшкөн эмесмин. Камерага эч качан айткан эмесмин. Бирок чынында мага жагат окшой”, -деген.
Блогер андан: "азыр жактырган кызың барбы" деп сураганда, Дарья Касаткина "ооба" деп жооп берген.
Дарья Касаткина 25 жашта. Ал Аялдардын теннис ассоциациясынын рейтингинде 12 орунда турат. Азыр Касаткина Барселонада жашайт.