Ссылки доступа

Казакстандын атайын кызматы Байкоңурда кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалганын билдирди


Байкоңур шаары. Архив сүрөт
Байкоңур шаары. Архив сүрөт

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети Байкоңур шаарында иш алып барган кылмыштуу топтун 18 мүчөсү кармалганын билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Москва космодром менен бирге ижарага алган Байкоңур шаарындагы колго түшүрүү операциясына Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы менен Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү да катышты.

Мындан тышкары кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармоо операциялары Астана, Кызылордо жана Конаев шаарларында да жүргүзүлгөн. Жалпысынан бул операциялардын жыйынтыгында кылмыштуу топтун 18 лидери жана активдүү мүчөлөрү кармалып, алардан ок атуу куралдары жана ири өлчөмдө акча алынган. Кармалгандардын адам уурдоо, акча опузалоо, курал менен кол салуу жана уурулук өңдүү кылмыштарга тиешеси бар экени кабарланды.

Улуттук коопсуздук комитетинен белгилешкендей, кармалган топтун 2022-жылы көчөдө өтүп бараткан бир кишинин өмүрүн алган Байкоңур шаарындагы ок атышуу окуясына тиешеси бар. Анда Tengrinews басылмасы шаардын эки башка районунан чыккан "Арбат" жана "Даманск" деп аталган топтордун ортосунда атышуу болгонун жазган.

Орусия Байкоңур космодрому менен катар ушундай эле аталыштагы шаарды жана ага жакын жайгашкан "Крайний" аэропортун Казакстандан 2050-жылга чейин ижарага алган.

XS
SM
MD
LG