Буга анын Телеграм каналына жарыялаган "Астрахань - казактын түпкү жери" деген видео себеп болгон. Сергей аттуу киши Казакстандын жашоочуларына кайрылып: "Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, аны биздин бардык жерлерди талкалаган Путиндин фашисттик бийлигинен бошоткула", - деген.
Ал Белгород облусунда болгон окуяларга токтолуп: "Биздин эл өз аймактарын Путиндин шылуундарынан бошото баштады", - деп билдирген.
Былтыр июнь айында Украина тарапта согушкан "Орусиянын ыктыярдуу корпусу" менен "Эркин Орусия" легиону Белгород облусуна жортуул жасап, аткылоолор орун алган.
Орусиянын күч органдары шектүү өз сөзүндө "Орусиянын ыктыярдуу корпусу" менен "Эркин Орусия" легионунун аракеттерин актап, Казакстандын тургундарын Орусияда теракт жасоого чакырган деп эсептөөдө.