Ссылки доступа

Назарбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Орусияга элчи болуп дайындалды


Даурен Абаев
Даурен Абаев

Казакстандын Орусиядагы элчиси кызматына экс-президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы басма сөз катчысы Даурен Абаев дайындалды. Бул тууралуу "Азаттыктын" казак кызматы Казакстандын президенттик администрациясынын сайтына шилтеме кылып билдирди.

44 жаштагы Абаев кезинде КМШнын башкы катчысынын орун басары жана Казакстандын маданият жана спорт министри кызматтарында да иштеген.

Даурен Абаев 2021-жылы августта президенттик аппараттын жетекчисинин орун басары болуп иштеп турганда мамлекеттик мекемелерде жана дүкөндөрдө казак тилинде кызмат көрсөтүүнү талап кылып, тил рейддерин өткөргөн казакстандыктардын аракетин "түркөй улутчулдук" деп атаган. Бул үчүн ал Казакстанда сынга кабылган. Бирок Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Абаевдин баасын колдой турганын билдирген.

Жергиликтүү маалымат каражаттарына берген маегинде Даурен Абаев "Казакстанда сөз эркиндиги бар" деп бир нече жолу айткан. Бирок ал маалымат министри болуп турганда өкмөт журналисттерге окуяларды чагылдырууга уруксат берүү эрежелерин катаалдатып, мыйзамга ЖМК өкүлдөрүнө карата кошумча талаптарды киргизүүнү сунуштаган. Бул кадамды көз карандысыз байкоочулар журналисттердин ишин чектөө катары баалашкан. 2021-жылдын жазында Маалымат министрлиги кабыл алынган жаңы эрежелерде алешемдиктер жок экенин билдирген.

Буга чейин Орусиянын Казакстандагы элчиси кызматын аркалап келген Эрмек Кошербаев июнь айында Чыгыш Казакстан облусунун акими болуп дайындалган.

XS
SM
MD
LG