Ссылки доступа

Казакстанда өлкө жарандарынын Украинадагы согушка катышуусу боюнча 10 кылмыш иши иликтенүүдө


Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети (УКК) өлкө жарандарынын Украинадагы согушка катышуусу боюнча 10 кылмыш ишин тергеп жатат. Бул тууралуу "Курсив" жана "КагТАГ" агенттиктери мекеменин расмий билдирүүсүнө таянып кабарлашты.

Атайын кызматтын билдирүүсүндө кылмыш иши козголгон казакстандыктардын кайсы тарапта согушканы же согушуп жатканы так жазылган эмес. Бирок алар күнөөлүү деп табылса беш жылдан тогуз жылга чейинки мөөнөттөргө эрктеринен ажыратылышы мүмкүн экени белгиленген.

Буга чейин "Азаттыктын" казак кызматы Казакстандын Жасулан Дүйсембин аттуу жараны Украина тарапта согушка катышып жатканын кабарлаган. Согуш башталганга чейин Украинада жашаган Дүйсембин аялы украин экенин жана согушка "үй-бүлөсүн коргоо үчүн" барганын айткан.

"Азаттык" мындан тышкары "Вагнер" жеке аскердик компаниясынын катарында Орусия тарапта согушуп жүргөн дагы бир нече казакстандык жөнүндө да макалаларды жарыялаган. Алар согушта каза болуп, сөөктөрү мекенине коюлган. Жакындары маркумдар согушка "материалдык кызыкчылыктардан жана идеологиялык ишенимдеринен улам" барганын айтып беришкен.

Өткөн жылы Украинда согуш башталгандан кийин Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Москва менен Киевди сүйлөшүүлөргө чакырган. Андан соң Астана Украина эгемен жана аймактык бүтүндүгү сакталган өлкө бойдон калышы керектигин билдирген. Казакстан ошондой эле Батыш өлкөлөрүнүн Орусияга каршы киргизген санкцияларын сөзсүз сактай турганын айткан. Мындан тышкары Токаев өздөрүн "ЛНР" жана "ДНР" деп атап алган аймактарды "квази мамлекеттер" деп атап, Казакстан алардын көз карандысыздыгын тааныбай турганын билдерген.

Ошол эле маалда Астана Орусиянын кол салуусун айыптаган БУУдагы резолюциялар боюнча добуш берүүдөн карманып келет.

Украинадагы согуш менен Батыш өлкөлөрүнүн санкциялары Борбор Азиядагы сооданы олуттуу түрдө өзгөрттү. Аймактагы мамлекеттер Орусияга өздөрү өндүрбөгөн товарларды көп сата башташты. Бул өлкөлөргө Европадан импорттун, Орусияга экспорттук көлөмү болуп көрбөгөндөй өстү.

XS
SM
MD
LG