Ссылки доступа

Январь окуяларынын курмандыктарын эскерүү акциясы өтө турган күнү бир нече активист кармалды


Казакстанда Январь окуяларынын курмандыктарын эскерүү акциялары өтөрү жарыяланган 7-январь күнү бир нече активист кармалды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун казак кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Алматы шаарында активисттер Асет Абишев, Бибигүл Имангалиева жана Айдар Мубараков кармалды. Абишев полиция бөлүмүндө төрт саат кармалып тургандан кийин кое берилген. Имангалиева соцтармактарга жарыялаган видеосунда саат 11де кармалып, кечки саат төрттөн кийин бошотулганын, кармоо маалында полиция кызматкерлери телефонун алып койгонун айткан. Мубараковду өзү иштеген жерге алып барып, бир нече сааттан кийин кое беришкен.

Астанада бул күнү бери дегенде эле төрт киши, анын ичинде активист Амангелди Жахин кармалганы кабарланды. Буга чейин ал оппозициялык "Алга, Казакстан" партиясын түзүү боюнча демилгелүү топ жергиликтүү акимчиликтерге өлкө аймактарында эскерүү акцияларын өткөрүү тууралуу арыздарды бергенин айткан.

7-январда Орол шаарында активисттер Бекболат Утебаев менен Орынбай Охасов да бир нече саатка кармалды. Охасов журналисттерге кармоо учурунда телефонун алып коюшканын, Абай райондук полиция бөлүмүнө жеткирилип, үч сааттан кийин кое берилгенин айтып берген. Утебаев үйүнүн жанынан кармалган. Полиция кызматкерлери анын да телефонун алып, "жөндөөлөрүн бузуп салышкан".

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылган. Башаламандык талап-тоноо менен коштолгон.

Расмий маалыматтарда тополоңдо 238 киши каза болгону жазылган. Январь окуяларына байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган жана көпчүлүгү кийин бошотулган.

XS
SM
MD
LG