Ссылки доступа

Казак жарандыгын алууну каалагандар тил сынагын тапшыра баштайт


Казакстан жарандыгын алуу үчүн 2023-жылы пилоттук режимде казак тилинен сынак алуу пландалууда.

Биринчилерден болуп аны документтеринин тиешелүү графасында улуту жазылбаган этникалык казактар тапшыруусу керек. Бул тууралуу журналисттерге эмгек жана социалдык жактан коргоо министри Тамара Дуйсенова билдирди.

Жаңы миграция саясатынын концепциясына ылайык, 2027-жылга чейин Казакстан жарандыгын алууну каалагандар казак тилин, тарыхын жана өлкөнүн Конституциясын билиши керек.

Ноябрда казак өкмөтү казак тилин, тарыхын жана улуттук мыйзамдардын негизин билбегендерге жарандык берүүдөн баш тартууну караштырган мыйзам долбоорун даярдаган.

Бул тема Кремль аскердик мобилизация жарыялагандан кийин миңдеген жарандар Казакстанга жер которгон маалда кызуу талкууланып баштаган. Расмий маалымат боюнча Казакстанга 400 миңдей орусиялык кирген. Алардын ичинен 80 миңдейи өлкөдө калган, калгандары кайра чыгып кеткен.

XS
SM
MD
LG