Ссылки доступа

Казакстандын Маалымат министрлиги TikTok'ту бөгөттөө маселеси каралып жатканын ырастады (видео)


Казакстандын Маалымат министрлиги өлкөдө TikTok'ту бөгөттөө маселеси каралып жатканын ырастады.

Министр Аида Балаева TikTok'тун ыктымал бөгөттөлүшүн балдарды коргоо зарылчылыгы менен түшүндүрүүдө.

"Министр катары айтайын, бул маселе каралышы керек. Анткени анда ачык эле уят сөздөр айтылып, аларды балдар көрүп жатышат", – деди Балаева.

Почему Казахстан хочет закрыть TikTok
пожалуйста, подождите

No media source currently available

0:00 0:02:51 0:00

TikTok'тун популярдуулугу казак парламентинин депутаттарын да кабатыр кылууда. "Аманат" фракциясынын мүчөсү Ерлан Саиров акыркы эки жылдын ичинде эле бул социалдык түйүнгө 14 миллиондон ашык казакстандык катталганын белгиледи. Анын айтымында, TikTok "билим алып, өнүгүп, кыймылда болушу керек болгон" балдарды "алтын балалыгынан" ажыратууда.

Өз контентинин көбүн TikTok'ко жайгаштырган блогер Митя Байназаров социалдык түйүндү бөгөттөө демилгеси балдардын кызыкчылыгын коргоо үчүн көтөрүлгөн жок деп эсептейт.

"Бул кимге пайдалуу экенин карап көргүлө. TikTok өтө популярдуу түйүн жана аны көп киши көрөт. Мурда кыска видеолор жаштар үчүн гана кызык болсо, азыр чоң кишилер да көп кирип жатышат. Ошондуктан ал жакта нааразылар көп. Анан албетте бул биздин бийликке жакпайт, алар үчүн TikTok бөгөттөлсө жакшы болот", – деди блогер.

16-апрелде Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы өлкөнүн интернет-провайдерлерине TikTok социалдык желесин бөгөттөө боюнча кат жөнөткөнү белгилүү болгон. Аталган мекемеге бул платформаны жабуу тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кат жолдогону, анда кыргыз сегментинде айрыкча балдар үчүн контенттерге көзөмөл болбой жатканы айтылганы маалымдалган.

18-апрелден тарта өлкө провайдерлери TikTok'ту бөгөттөй башташкан.

УКМК төрагасынын орун басары Абдыкадыр Разаев TikTok'тун бөгөттөлүшү мыйзам чегинде ишке ашырылганын билдирген. "Жаш балдардын кызыкчылыгын коргоо боюнча мыйзам кабыл алынган. Ошонун негизинде тийиштүү органдар чечим чыгарды. Мыйзамдын негизинде ишке ашырылды деп эсептейм", - деген ал.

XS
SM
MD
LG