Ссылки доступа

Казакстанда депутаттар ЛГБТны үгүттөгөндөрдү жоопкерчиликке тартууну сунушташты


Казакстан парламентинин төмөнкү палатасынын депутаттары Эдил Жаңбыршин менен Самат Мусабаев салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалагандарды кылмыш жоопкерчилигине тартууну  сунушташты. Бул тууралуу "Власть" кабарлады.

Тиешелүү өзгөртүү “Айрым мыйзам актыларына масс-медиа маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоорунда камтылган. Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин "Социалдык, улуттук, уруулук, расалык, таптык же диний кастыкты козутуу" беренесин "салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо" деген сөздөр менен толуктоо сунушталууда.

Буга кошо депутаттар жергиликтүү бийликке тынч жыйындарды өткөрүүгө уруксат бербөөгө “салттуу эмес сексуалдык мамилелерди үгүттөөнү” да негиз катары кароону сунуштап жатышат.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу жумушчу топтун кароосунда.

Жаңбыршин жана Мусабаев казак коому үчүн салттуу үй-бүлө – эркек менен аялдын жана алардын балдарынын биримдиги деп эсептешет.

"Ошондуктан салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоого тыюу салуу керек", - деген парламентарийлер.

Быйыл февраль айында Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЛГБТ өкүлдөрүнө бала багып алууга жана алардын устаты болууга тыюу салган өзгөртүүлөргө кол койгон.

XS
SM
MD
LG