Сатыбалды Өскемен шаарындагы №22 жалпы режимдеги абакта жазасын өтөп жаткан. Өкүм боюнча анын камактагы мөөнөтү дагы 3 жыл үч айдан кийин аякташы керек болчу.
Сот өз чечимин Сатыбалды жаза мөөнөтүнүн үчтөн бир бөлүгүнөн көбүн өтөп бүткөнү, келтирилген чыгымды толук төлөп бергени, ошондой эле абак жетекчилиги тарабынан жакшы мүнөздөлгөнү менен түшүндүрдү.
Сатыбалдынын жаза чарасы өзгөртүлгөнү жөнүндөгү жаңылык менен удаалаш эле казак маалымат агенттиктери анын кечирим сураган видеосун жарыялашты.
Буга чейин Казакстандын тиешелүү органдары Сатыбалды мамлекетке "мыйзамсыз ээлеп алган активдерин" кайтарганы тууралуу эки жолу билдирүү жасашкан. Коррупцияга каршы күрөшүү агенттигинин маалыматына караганда, ал мамлекетке административдик имараттарды, эксклюзивдүү баалуу таштарды, компаниялардагы акцияларын, кымбат балуу үйлөрдү, батирлерди жана автоунааларды кайтарып берген. Анда бул мүлктөрдүн жалпы баасы 1,6 млрд. долларга жетери кабарланган.
Кайрат Сатыбалды Нурсултан Назарбаевдин бир тууганы, маркум Сатыбалды Назарбаевдин уулу. 2018-жылы Forbes Kazakhstan басылмасы Кайрат Сатыбалдынын байлыгын 163 миллион долларга баалап, аны өлкөдөгү эң бай 50 бизнесмендин катарына кошкон.
Кайрат Сатыбалды кезинде Улуттук коопсуздук комитетинин кадрдык кызматын жетектеп, Астана шаарынын акиминин орун басары болуп иштеген. 2010-2015-жылдары Нурсултан Назарбаев жетектеген "Нур Отан" партиясынын борбордук аппаратында катчы кызматын аркалаган. Мындан тышкары улуттук "Казахойл" жана "Казахстан темир жолы" компанияларын жетектеп, "Казактелеком" телекоммуникациялык компаниясында акцияларга ээлик кылган.