Бул тууралуу казак парламентинин сайтында айтылат.
Документте көрсөтүлгөндөй, бул мамлекеттик кызматкерлер менен алардын жубайларынын кирешелери менен чыгашаларына толук талдоо жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Эгер киреше менен чыгашанын айырмасы миң айлык эсептик көрсөткүчтөн ашып кетсе, бул сумманын 90% тете айып пул салынат.
Мындан тышкары мыйзам долбоорунда “карьералык санкция”, башкача айтканда жумуштан алуу каралган. Кызматынан алынган чиновниктер үч жыл бою мамлекеттик, анын ичине укук коргоо органдарында иштей албайт.