Анын айтымында, сот кармалгандардын ар бирин 77 миң теңгеден (170 доллар) төлөөгө милдеттендирди. Шынгысбеков алардын баары бул чечимди мыйзамсыз деп эсептеп, ал боюнча жогорку баскычка кайрылганы жатышканын кошумчалады.
Дүйшөмбү күнү Январь окуясы учурунда окко учкандан кийин соттолгон жакындарын толук актап, 5-январды аза күтүү күнү деп жарыялоону талап кылган он чакты киши Акордонун алдына барышкан. Алардын баарын күч органдары кармап кетишкен.
Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынчтык митингдери 2022-жылы 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.
Казакстандагы Январь окуялары боюнча жалпы 10 миңдей адам кармалганы айтылган. Алардын көпчүлүгү кийин кайра бошотулган.
Айрым айыпталуучулардын жакындары тергөө иштери бир жактуу жүрүп жатканын айтышкан. Астанада оор кылмыш жасоого айыпталган маркумдардын туугандары аларды актоо талабы менен бийликке кайрылышкан.