Алматы гарнизонунун Аскердик соту 35 жаштагы ага сержант Серикбол Муратханды “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча күнөөлүү деп тапты. Прокурор аны жети жылга эркинен ажыратууну талап кылган.
Иштин материалдарына ылайык, 2022-жылы 6-январь күнү кечинде аскерлер Елнар Кансейиттин унаасын аткылашып, натыйжада ал каза болгон.
Муратхандын жакындары соттун чечимине макул эместигин жана ага каршы даттанууну пландап жатканын билдиришти.
Иш материалында 2022-жылы 6-январда Талдыкоргандагы №18404 аскер бөлүгүнөн Калашников автоматы менен куралданган 200 аскер кызматкери Алматыдагы аянтка келгени, аларга 158 миң ок берилгени айтылат.
Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.