Яковченко 2022-жылы февралда "ВКонтакте" социалдык түйүнүнө Казакстандын түндүгүндөгү Орол, Петропавловск жана Павлодар шаарларын Орусияга "берүү керектигин" жазган.
Яковченко тергөө иштери аяктаганга чейин аймактан чыкпоо шарты менен үйүнө кое берилген. Бирок 2022-жылдын 11-октябрына белгиленген сотко барган эмес. Кийин ал сентябрда Казакстандагы үйүн сатып, өлкөдөн чыгып кеткени аныкталган.
Яковченко ошол эле жылы декабрда Орусиянын Ростов облусунда кармалган. Бирок ал буга чейин Орусияда качкын макамын алгандыктан, аны мекенине экстрадициялоого мүмкүн болгон эмес.
Акыркы жылдары Казакстандын түндүк аймактарында жашоочуларга каршы "Сепаратизм" беренеси менен козголгон иштер көбөйдү. Казак бийлиги Украинада согуш башталгандан кийин, өзгөчө орусиялык аткаминерлер менен пропагандачылардын "аймактарды кайтаруу" тууралуу билдирүүлөрүнөн кийин бул аймактагы сепаратисттик маанайга тыкыр көз сала баштаган.
Өткөн жылы Орол шаарынын эки тургуну – Денис Рудных менен Кристина Кольченко "Сепаратизм" беренеси менен соттолгон. Буга алардын Орусия Казакстанда "атайын операция" жүргүзсө Орусияны колдой турганы жөнүндөгү соцтүйүндөрдөгү билдирүүсү себеп болгон.