Ссылки доступа

Казакстан "Роскосмоско" тиешелүү компаниянын мүлкүн бөгөттөдү


Байкоңурда ракета кое берүү учуру
Байкоңурда ракета кое берүү учуру

Казакстан Орусиянын космодромдорунун башкы оператору – "Жердеги космос инфратүзүмдөрүн пайдалануу борборунун" мүлкүн бөгөттөдү.

The Moscow Times басылмасынын маалыматына караганда, буга орус операторунун "Байтерек" компаниясына (Казакстан менен Орусиянын биргелешкен компаниясы) 13,5 млрд теңге бересе экени себеп болду. Бул карыз "Союз-5" ракета ташыгычынын айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин баалоо учурунда пайда болгон.

Казакстандын сот аткаруучулары орус операторуна Казакстандан материалдык баалуулуктарды жана активдерди алып кетүүгө, жетекчилерине тергөө аяктаганга чейин өлкөдөн чыгууга тыюу салды.

Космостук программаларды бирге жүзөгө ашыруу үчүн 2005-жылы Казакстан менен Орусия биргелешкен "Байтерек" ишканасын түзгөн. Программада уулу гептил менен учкан "Протон" ракетасынын ордуна экологиялык жактан таза ракета ташыгычтарды пайдаланууга өтүү каралган. Бул үчүн жаңы аянтча куруу пландалып, бирок ал кийинкиге жылган.

KZ24 маалымат порталы Казакстандын катаал чарасы "Роскосмостун" жаңы башчысы Юрий Борисовдун Казакстандын байланыш министри Багдат Мусинди сындаганына байланыштуу болушу мүмкүн экенин жазды. Борисов казак тарапты старт аянтчасынын курулушун жарым жылга кийинкиге жылдырууга айыптаган. Мусин Бористовдун сынын "дипломатиялык катачылык" деп атаган.

XS
SM
MD
LG