Ссылки доступа

Казакстанда Жасулан Анафияевди кыйнап өлтүрүүгө айыпталган жети полициячы соттолду


Январь окуясынан кийин кармалып, Алматыдагы убактылуу кармоо изоляторунда каза тапкан Жасулан Анафияевдин иши боюнча сот өкүмү чыкты.

Алматынын Алмалы райондук сотунун өкүмү боюнча Анафияевди кыйнап өлтүргөн жети полициячынын экөө Аян Елубеков менен Махамбет Шынжырбаев 10 жылга, Закир Ибрагимов 9 жылга, Нурлан Торыбаев, Ардак Азимбеков жана Бейбит Жакыпбаев 8 жылга, Арнат Мирадилов 5 жылга соттолду.

Алар атайын наамдарынан ажыратылды жана баарына мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынды. Моралдык зыян үчүн Анафияевдин карындашы менен жубайына 20 млн теңге же 246 миң доллар компенсация төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Тергөөнүн маалыматы боюнча Анафияев былтыр 9-январда жапырт башаламандыкка катышкан деген шек менен Алматыдагы убактылуу кармоочу жайга жеткирилген. 12-январда анын ур-токмоктон улам көз жумганы аныкталган.

Маркумдун карындашы Ляззат Анафияева райондук соттун өкүмүн даттанууга ниеттенүүдө. Ал шектүүлөр “Киши өлтүрүү” беренеси менен эмес, “Кокустан киши өлтүрүп алуу” беренеси боюнча соттолгонун, андыктан аларга жеңил жаза берилип калганын билдирди.

“Алар аны кыйнап, өз ара макулдашып, бардык камераларды өчүрүп, сыртка алып чыгып, эшикти жаап, тепкилеп өлтүрүшкөн”, - деди ал.

Казакстанда суюлтулган газдын кескин кымбатташына байланыштуу тынч митингдер былтыр 2-январда башталып, кийин өлкөнүн башка аймактарына жайылып, кан төгүү, башаламандык менен коштолгон. Расмий маалыматка караганда, тополоңдо кеминде 238 киши каза болгон.

XS
SM
MD
LG