Жергиликтүү "Власть" басылмасынын маалыматына караганда, сот активист Жанель Шаханды камакка алуу чечимин 3-январь күнү кечинде кабыл алган. Эртеси Oyan, Qazaqstan'дын дагы үч мүчөсүнүн (Акмарал Жакибаева, Айсултан Кудайберген жана Темирлан Енсебек) бөгөт чарасы каралып, баары тең камакка алынды.
Шахан өткөн жылы 16-декабрда эскерүү акциясына катышканы үчүн камалды. Анда аны менен чогуу ондон ашык активист кармалган. Алардын көбү кайра бошотулса, Бота Шарипжан менен Равкат Мухтаров Жанель Шахан менен бирге камакка алынды.
Активисттер Жакибаеванын, Кудайбергендин жана Енсебектин административдик камакка алынышына алардын Oyan, Qazaqstan'дын буга чейин камакка алынган мүчөлөрүн колдоп 3-январда пикетке чыкканы себеп болгон.
Oyan, Qazaqstan кыймылын жаштар 2019-жылы өлкөнүн биринчи президенти Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин түзүшкөн. Анын мүчөлөрү саясий реформаларды, көп партиялуулукту жана адилет шайлоолорду талап кылып келишет.