Кузаировго "майда бейбаштык" беренеси менен кылмыш иши козголгон.
"25-мартта түз эфирге чыккам, стрим учурунда "Путин құйло" деп айткам, бирок бул деген уят сөз эмес, казак тилинен которгондо "кую" дегенди билдирет. Бул сөз казак тилинде уят деп эсептелбейт", - деди Кузаиров сотто.
Диас Кузаиров – тил сакчылары деп аталган кыймылдын уюштуруучусу. Анын мүчөлөрү сатуучулар менен аткаминерлерден казакча сүйлөөнү талап кылып, алар менен бааралашууну камерага тартып алышат. 2023-жылдын октябрында Кузаировго карата "улуттар аралык кастыкты козутуу" беренеси боюнча иш козголгон. Буга блогердин расмий адамдардан аны менен казак тилинде сүйлөшүүсүн талап кылганы себеп болгон.
2022-жылы октябрда Кузаиров Казакстанга келген орусиялыктарга "Крым кимдики?" деген суроону бергени үчүн майда бейбаштык боюнча айыпталып, беш суткага камакка алынган. Ал ошондой эле 2022-жылдын январындагы нааразылык акцияларга катышканы үчүн 15 күнгө камалып чыккан.