УККдан белгилешкендей, экс-жетекчи ырайым берүү тууралуу өтүнүч катын быйыл март айында эле жазган. Ошол эле маалда мекемеден бүгүнкү күндө Масимовго карата "Акча кымыруу" жана "Өзгөчө ири өлчөмдө пара алуу" беренелери боюнча сотко чейинки тергөө иштери уланып жатканын билдиришти.
"Казинформ" агенттигинин маалыматына караганда, жаңы тергөө иштерине байланыштуу Масимов абактан Улуттук коопсуздук комитетинин Астана шаарындагы тергөө абагына которулду.
2023-жылы апрелде сот Карим Масимовду "Мамлекетке чыккынчылык кылуу", "Бийликти күч менен басып алууга аракет кылуу" жана "Кызматтык ыйгарым укуктарынан аша чабуу" беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 18 жылга эркинен ажыраткан. Мындан тышкары соттун өкүмү менен анын мүлкү конфискацияланып, өмүрүнүн аягына чейин мамлекеттик кызматта иштөөгө тыюу салынган.
Быйыл жыл башында Казакстандын башкы прокурору Берик Асылов "Январь окуялары учурунда Масимов менен анын орун басары коопсуздук комитетинин Алматы шаарындагы, Кызылордодогу жана Алматы облусундагы имараттарын калтырып кетүү буйругун бергенин, кызматкерлер Алматы жана Жамбыл облусундагы полиция имаратын да таштап кетишкенин, ал жакта 3 миңден ашуун даана курал-жарак уурдалып, көбү азыркыга чейин табыла электигин" билдирген.
Карим Масимов 2022-жылы 6-январда, өлкөдөгү нааразылык акциялар учурунда кармалган. Кийин анын ошол кездеги орун басарлары да камакка алынганы кабарланган.
Мурдагы президент Нурсултан Назарбаевдин узак жылдардан берки санаалашы эсептелген 56 жаштагы Карим Масимов Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы кызматына 2016-жылы сентябрда дайындалган. Ага чейин эки жолу – 2007-жылдан 2012-жылга чейин жана 2014-жылдын апрелинен 2016-жылдын сентябрына чейин өлкөнүн премьер-министри кызматында иштеген.