Ссылки доступа

Казакстандагы ит багуучулар үй жандыктарын кармоонун жаңы эрежелерине нааразы болууда


Казакстанда таза кандуу иттер менен мышыктарды баккан жарандар өкмөт кабыл алганы жаткан үй жаныбарларын кармоонун жаңы эрежелерине нааразы болууда.

Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлиги "милдеттүү түрдө үйдөгү бардык иттер менен мышыктарды бычууну", "бардык тукумдагы иттерге тумшук кап кийгизүүнү" жана "иттерди атайын бөлүнгөн жерлерден башка жерде сейилдетүүгө тыюу салууну" сунуштоодо.

10 жылдан ашык убакыттан бери ит багуу менен алектенип келген Анастасия Зюзина өкмөттүн бардык иттерди, анын ичинде таза кандууларын да бычуу сунушуна нааразы экенин билдирүүдө.

"Мен таза кандуу иттерди багам. Биз эл аралык көргөзмөлөргө Казакстандын атынан катышабыз. Менин Дейнерис тукумундагы итим көптөгөн эл аралык көргөзөмөлөрдүн жеңүүчүсү. Ал Өзбекстандын, Казакстандын чемпиону. Таза кандуу иттерди бычуу – алардын азайып, жоголуп кетишине алып келет", – деди ал.

Өкмөт иштеп чыккан документте өзүнчө пункт катары иттер адамга кол салган учурдагы аракеттер жөнүндө да жазылган. Ага ылайык, адамды же башка жандыктарды тиштеген ит 10 күн обочолонгон жайда кармалышы керек болот.

Ошол эле маалда сунушталып жаткан жаңы эрежелердеги айрым пункттар оң мүнөзгө ээ экени айтылууда. Алсак, ээлерине иттер менен мышыктарды узак мөөнөт кароосуз калтырууга тыюу салынат. Мындан тышкары жаныбарларга катаал мамиле кылууга да жол берилбейт.

Жаңы эрежелердин долбоору боюнча коомдук талкуу 6-апрелде аяктаган. Ит багуучулар чынында эч кандай талкуу болбогонун, бийлик мыйзамды иштеп чыгууда адамдардын да, жаныбарлардын да кызыкчылыктарын эске албаганын билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG