Ссылки доступа

Казакстандын соода министри Орусияга кош багыттагы товарлар жеткирилгенин тастыктады (видео)


Казакстандын соода жана интеграция министри Серик Жумангарин кош багыттагы товарлар Казакстандан Орусияга жеткирилгенин мойнуна алды.

Жумангариндин айтымында, Орусияга каршы чектөө киргизилгенден тарта ЕБ менен АКШнын санкциялардын аткарылышын көзөмөлдөөгө жооптуу өкүлдөрү казак бийлигине санкцияланган жети миң товардын тизмесин өткөрүп беришкен.

Өз кезегинде казак бийлиги Орусияга сатылган санкцияланган товарлардын тизмесин кыскартууну суранган. Жыйынтыгында жаңыланган тизмеге Украинада жок кылынган орусиялык аскердик техникадан табылган кош максатта колдонулуучу товарлар да киргизилгени белгилүү болгон.

"Товардын 104 түрү бар. Биз ага 4-5товар коштук, квадрокоптер жана башка товарлар көзөмөлгө алынат", - деди Жумангарин.

Ал микросхемалар сыяктуу буюмдарды ташыган ишканалар күчөтүлгөн көзөмөлгө алынганына ишендирди. Чиновник компаниялардын атын атоодон баш тартып, алардын саны “жүздөн ашык” экенин белгиледи.

"Азаттык" Орусия Батыштын керектүү технологиясын алып турууну улантыш үчүн санкцияларга кирбеген өлкөлөрдү, анын ичинде Казакстанды жана Кыргызстанды пайдаланганын иликтеген. Эки өлкө тең Москва башында турган Евразия экономикалык биримдигине кирет.

Украинада уруш башталганы Кыргызстан менен Казакстандан Орусияга эки багытта керектелчү бир топ буюм-тайымды импорттоо кескин көбөйгөн. Алардын ичинде америкалык Texas Instruments жана Analog Devices фирмалары баш болгон Батыштын технологиялык гиганттары өндүргөн электроникалык жабдуулар да бар. Алардын кайсы бир бөлүктөрү Украинага кыргын салган орустардын курал-жабдыгынан табылган.

Бул жагдай Орусияга технологиянын агымын токтотуу үчүн Борбор Азиядагы эки өлкөнү бутага алган экинчи деңгээлдеги санкцияларды киргизүү маселесин жаратты. АКШ жана Евробиримдиктин аткаминерлери соңку айларда Кыргызстанга жана Казакстанга жасаган сапарлары маалында санкциялык эрежелерди сактоо маселесин көтөрдү.

XS
SM
MD
LG