Аты-жөнү аталбаган эки адам тең "Этиятсыздыктан эки же андан көп адамдын өлүмүнө алып келген өрт коопсуздугунун талаптарын бузуу" беренеси боюнча боюнча күнөөлүү деп табылды.
Соттолгон кишилер жабырлануучулардын фондуна жети миллион теңге (15 860 доллар) төлөп берүүгө да милдеттендирилди.
Тергөөнүн версиясы боюнча, айыпталуучулар – "Семей Орманы" коругунун директору жана анын Новошульбинск филиалынын жетекчиси коруктун аймагында 2023-жылдын июнь айында чыккан ири өрт учурунда "өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарышкан эмес. Алар өрт өчүрүүнү уюштурууда кырдаалга туура баа бербей, өрттү өчүрүүдө техника коопсуздугун сактоону камсыздашкан эмес, натыйжада 14 адам каза болгон".
2023-жылдын июнь айында "Семей орманы" коругунда ири өрт чыгып, 14 адам каза болуп, 60 миң гектар токой күйүп кеткен. Бул каргашага расмий түрдө коруктун жетекчилиги айыпталган. Бирок токойчулар "Азаттык" радиосунун казак кызматына чарбада көптөн бери башаламандык жүрүп жатканын, акыркы жылдары мамлекеттен өрт менен күрөшүүгө дээрлик акча бөлүнбөгөнүн айтышкан.