Ссылки доступа

Самара–Орол жана Тольятти-Орол багыты боюнча автобус каттамдары убактылуу токтоду


Казакстан менен Орусия 29-сентябрдан тарта Самара-Орол жана Тольятти-Орол багыты боюнча автобус каттамдарын убактылуу токтотту. Тиешелүү билдирүү Орол автобекетинин сайтына жарыяланды.

"Мындай чечим казак-орус чек арасында жаралган кырдаалдан улам жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн кабыл алынды", – деп жазылган билдирүүдө.

21-сентябрда Орусиянын президенти Владимир Путин "жарым-жартылай" мобилизация жарыялагандан кийин миңдеген орусиялыктар чет өлкөлөргө кете башташкан. 27-сентябрдагы маалыматка ылайык, мобилизация башталгандан бери Казакстанга 98 миң орус жараны кирген.

Орол шаары Казакстанга келип жаткан орус жарандары үчүн негизги кирүү пункттарынын бири болуп калды. Бул шаарга Орусиянын дароо үч облусунан – Саратов, Самара жана Оренбургдан келип жатышат. Оролго жакын жайгашкан чек ара бекеттеринин эң ириси Сырым. Ал жакта жаанга карабастан орус номурлары тагылган автоунаалардын бир нече чакырымга созулганы тыныгы жаралган.

Орусиянын бийлиги Астрахань облусунун Казакстан менен чектешкен жериндеги "Караузек" чек ара бекетинде мобилизация жайын ачуу чечимин кабыл алды. Ал жакта жакынкы күндөрү аскерге чакыруулар бериле баштайт.

"Жаанга, караңгыга карабастан 11 саат күттүк". Мобилизациядан качып жаткан орусиялыктарды тосуп алып жаткан Орол шаарынан атайын репортаж:

XS
SM
MD
LG