Ссылки доступа

Казакстанда сот "Немолчи" корунун жетекчисин сыртынан камакка алды


Казакстандын Өскемен шаарынын тергөө соту "НеМолчи.kz" фондунун жетекчиси Динара Смаилованы алдамчылык беренеси боюнча эки айга сыртынан камакка алды.

Бул тууралуу "Азаттык" радиосунун казак кызматына укук коргоочу өзү билдирди.

Смаилованын жактоочусу кардарын камакка алуу боюнча соттун чечимине каршы даттанарын билдирди.

Смаилованын айтымында, "НеМолчи.kz" фондуна кайрымдуулук көрсөткөн жабырлануучулардан арыз түшкөн. Тергөө уюму фондго которулган каражат башка максаттарга пайдаланылган, ал эми кор укук коргоо ишмердүүлүгү менен алектенбейт деп эсептөөдө.

Мурдараак "НеМолчи.kz" коомдук фондунун жетекчиси Динара Смаиловага (Дина Тансари) карата атайылап жалган маалымат таратуу, жеке жашоонун кол тийбестигин бузуу, ошондой эле эки алдамчылык беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

27-декабрда казак бийлиги аталган фонддун жетекчисине издөө жарыялаган.

Эки жылдан ашык убакыттан бери чет өлкөдө жашап жүргөн Дина Тансари бир күн мурун Фейсбук баракчасына анын бардык эсептери тоңдурулганын жазган. Буга байланыштуу ал казак юристтерине бекер жардам сурап кайрылган.

Дина Тансари өзү куугунтукту анын кадыр-баркын түшүрүү жана зомбулук көйгөйүн көтөргөн фонддун оозун жабуу аракети деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG