Ссылки доступа

Кытай Украинадагы согушту токтотуу боюнча өз планын жарыялады


Кытайдын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Орусия менен Украинанын ортосундагы согушту жөнгө салуу боюнча планын жарыялады. Бээжин 12 пункттан турган документ согуштук аракеттерди токтотууга түрткү болорун билдирүүдө.

Кытай эл аралык мыйзамдардын жана БУУнун Уставынын принциптерине ылайык, бардык өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн сыйлоого чакырууда. Ошондой эле Бээжин бардык өлкөлөрдүн суверендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн кепилдендирүүнү талап кылууда.

Кытай кансыз согуш менталитетинен баш тартуу зарылдыгы жөнүндө айтып, айрым өлкөлөрдүн коопсуздугуна олуттуу мамиле жасоого жана лагердик карама-каршылыкты түзүүгө жол бербөөгө үндөйт.

Ошол эле маалда Кытай аскердик жаңжалдарды токтотуп, тынч сүйлөшүүлөрдү баштоону жана гуманитардык каатчылыкты жоюуну талап кылат.

Кытайдын планында азык-түлүк коопсуздугун кепилдендирүү жана өндүрүш менен жеткирүү чынжырчасын турукташтыруу да бар. Ошондой эле атомдук электр станцияларын коргоо зарылдыгы белгиленген.

Бээжин бир тараптуу санкциялардан баш тартууга үндөйт.

Кытай Москва менен Киевдин жаңжалын тынч жол менен жөнгө салуу планын сунуштай турганы өткөн аптада эле белгилүү болгон. Бул тууралуу Мюнхен конференциясында Кытай компартиясынын тышкы саясий комиссиясынын башчысы Ван И билдирген. Конференциянын алкагында ал Украинанын ТИМ башчысы Дмитрий Кулеба менен сүйлөшкөн. Иш-чарадан кийин Ван И Москвада болуп, ал жакта Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушкан.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын планы боюнча кабардар экенин, бирок чоо-жайы менен толук тааныша электигин айткан. Зеленский Кытайдын Украинага көрсөтүп жаткан кызыгуусун баалап, Киев Бээжин менен жолугушуу сураганын кабарлаган.

XS
SM
MD
LG