Ссылки доступа

Түндүк Корея АКШнын аймагына чейин жете ала турган ракетасын сыноодон өткөрдү


Түндүк Корея 18-ноябрда континенттер аралык деп болжолдонуп жаткан баллистикалык ракетасын сыноодон өткөрдү. Ал болжол менен Жапония аймагынан 200 чакырым алыстыкка түштү.

Жапониянын расмий адамдары сыноодон өткөрүлгөн ракета АКШнын материктик бөлүгүнө чейин жете ала тургандай учуу узактыгына ээ экенин билдиришти.

Түндүк Кореянын жаңы ракеталык сыноосу тууралуу Түштүк Кореянын бийлиги да билдирген. Күн мурун Пхеньян кыска аралыкка уча турган баллистикалык ракетасын сынап, АКШнын аймактагы өнөктөштөрү менен коопсуздук тармагындагы кызматташтыгын кеңейтүү аракетине "мындан да катаал жооп болорун" эскерткени кабарланган.

Түндүк Корея быйыл рекорддук сандагы ракеталык сыноолорду өткөрдү. Жакында эле АКШ менен Түштүк Корея машыгууларды өткөрүп жаткан учурда Пхеньян деңизди көздөй жүздөгөн артиллериялык аткылоолорду жасаган.

Өткөн дем алыш күнү Түштүк Кореянын президенти Юн Сок Ёль, Жапониянын премьер-министри Фумио Кисида жана АКШнын президенти Жо Байден Камбоджада жолугуп, аскердик кызматташтыкты кеңейтүү боюнча макулдашкан.

Пхеньяндын 18-ноябрдагы ракеталык сыноосу тууралуу пикирин билдирген АКШнын Улуттук коопсуздук кеңешинин расмий өкүлү Эдриен Уотсон бул БУУнун Коопсуздук Кеңешинин көптөгөн резолюцияларын одоно бузганын, чыңалуунун күчөшүнө түрткү болуп, аймактагы кырдаалды туруксуздаштыруу коркунучун жаратканын белгиледи. "Бул кадам Түндүк Корея мурдагыдай эле жарандарынын жыргалчылыгына эмес, мыйзамсыз массалык кыргын салуучу куралдары менен ракеталык программаларын өнүктүрүүгө артыкчылык берип жатканын көрсөтүүдө", – деди Уотсон.

XS
SM
MD
LG