"Рёнхап" агенттиги Түндүк Кореянын аймагынан кыска аралыкка уча турган эки ракета кое берилгенин жазды.
Жапониянын NHK телеканалы жапон өкмөтү ракеталардын учурулушу боюнча маалыматтарды топтоп жатканын кабарлады. Маалыматка караганда, алардын учуу аралыгы болжол менен 620 чакырымды түздү. Азырынча бул боюнча башка маалыматтар жарыяланган жок.
Түндүк Корея ракеталарын Түштүк Корея менен АКШнын биргелешкен машыгуулары болгон күндүн эртеси учурду. Пхеньян акыркы жолу 12-мартта суу алдында жүрүүчү кемесинен Жапон деңизин көздөй стратегиялык канаттуу ракеталарын кое берген. Жыл башынан бери Түндүк Корея жалпысынан алты жолу ракеталарын учурду.
Пхеньян 2022-жылы түрдүү аралыкка уча турган 70ке жакын ракетасын кое берген. Машыгуулардын жүрүшүндө Түндүк Корея системалуу түрдө Жапония менен Түштүк Кореяны көздөй ракелатарын учурган.