Ссылки доступа

Түндүк Корея демилитаризацияланган аймактагы жолго миналарды койду


Демилитаризацияланган аймакка бара турган көпүрө. Түштүк Корея
Демилитаризацияланган аймакка бара турган көпүрө. Түштүк Корея

Түндүк Корея Түштүк Корея экөөнү бөлүп турган демилитаризацияланган аймактагы жолго миналарды койду. Бул тууралуу түштүк кореялык "Рёнхап" агенттиги өз булактарын таянып кабарлады.

Булактын айтымында, өткөн жылдын соңунда түштүк кореялык аскерлер алгачкы жолу Түндүк Корея Сеулдан 85 чакырым алыстыктагы демилитаризациялаган аймактын ичиндеги жолго миналарды коюп жатканын көрүшкөн.

Быйыл январда Түндүк Кореянын аскерлери аталган аймактагы дагы эки жолдо жүргөнү байкалса, мартта Пхеньян жол жээгиндеги ондогон чыракты алып салганы аныкталган.

Эки өлкө ортосундагы жол 2018-жылы түзүлгөн эки тараптуу аскердик макулдашуунун негизинде курулган. Анда Сеул менен Пхеньян 1950-1953-жылдардагы Корей согушунда курман болгондордун сөөктөрүн издөө боюнча биргилешкен аракеттерди көрө баштаган.

Жыл башында Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын Түштүк Корея менен биригүү идеясынан баш тартууга чакырып, Сеулду эң башкы душман деп атаган. Анын айтымында, Түштүк Корея дээрлик 80 жыл Түндүк Кореядагы режимди жана системаны кулатуу максатында тирешүү саясатын жүргүзүп келет.

Андан бери Пхеньян Түштүк Корея менен кызматташууну алдыга сүрөө менен алектенген бир нече өкмөттүк мекемени жойду.

XS
SM
MD
LG