Ссылки доступа

Түндүк Корея жасалма өзөктүк жардыруу жасаганын билдирди


Түндүк Корея "жер-жер" классындагы баллистикалык ракеталарын колдонуу менен жасалма өзөктүк жардыруу жасаганын билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн Борбордук телеграф агенттиги билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, ракета Пхеньяндын жака-белинен кое берилди. Шарттуу бута Хамгён-Пукто провинциясынын жээгинде болгон. Жасалма өзөктүк жардыруу 500 метр бийиктикте ишке ашырылды.

Жапониянын Коргоо министрлиги Түндүк Корея Жапон деңизин көздөй эки баллистикалык ракетасын кое бергенин билдирди. Алар 50 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, 350 чакырымга чейин учкан.

Жыл башынан бери Түндүк Корея он жолу ракета учурса, алардын сегизи – баллистикалык ракета.

2022-жылдан бери Түндүк Корея ар түрдүү аралыктагы 70тей ракетасын учурду. Машыгуулар маалында ракеталар Жапонияны же Түштүк Кореяны көздөй кое берилип турду.

Түндүк Кореянын баллистикалык ракеталар менен өзөктүк куралдарды иштеп чыгуу программасына БУУнун Коопсуздук Кеңешинин резолюциясында тыюу салынган. Бирок Пхеньян курал иштеп чыгуу Вашингтон менен анын өнөктөштөрүнүн "душманчыл саясатына" каршы туруу үчүн зарыл экенин белгилеп келет.

XS
SM
MD
LG