Ссылки доступа

Атайын комитет Трампка жаңы айып тагууну сунуштады


Өкүлдөр палатасынын Капитолийге жасалган чабуулду иликтеген комитети АКШнын мурдагы президенти Дональд Трампта төрт берене боюнча айып тагууну сунуштады. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.

Комитет мүчөлөрүнүн пикиринде, Трампка расмий процедураларга тоскоол болуу, федералдык өкмөткө карата алдамчылык максатында кутумга баруу, жалган көрсөтмө берүү үчүн кутумга баруу жана куралдуу козголоң боюнча айып тагуу керек.

Агенттик бул атайын комитет мурдагы президентке карата кылмыш ишин ачууну сунуштаган алгачкы учур экенин белгилейт.

Комитеттин сунушу символикалуу мүнөзгө ээ жана кылмыш ишин козгоо боюнча акыркы чечимди АКШнын Юстиция министрлиги кабал алат.

18 айлык иликтөөнүн жүрүшүндө комитет миңден ашуун күбөлөрдү сурап, жүз миңдей документ чогулткан.

2021-жылдын 6-январында мурдагы президент, республикачы Дональд Трамптын тарапташтары АКШнын парламенти жайгашкан Капитолий имаратына бастырып киришкен. Аларды президенттик шайлоонун жыйынтыгын тааныбай турганын жарыялаган Трамп өзү үндөгөн болчу.

Тополоңдо беш адам, алардын ичинде полиция кызматкери каза болуп, 100дөй киши жараат алган. Алардын кол салуусунун айынан АКШ Конгрессинин кош палатасынын биргелешкен отуруму бир нече саатка үзгүлтүккө учураган.

Ушу тапта Трамптын үстүнөн федералдык прокуратура эки, Жоржия штатынын прокуратурасы бир ишти иликтеп жатат. Ал президенттик купуя документтерди мыйзамсыз сактаган деп шектелүүдө. Мындан тышкары 2021-жылдын 6-январында Конгресстин имаратына жабыла кирип барган колдоочуларынын аракеттерине тиешеси каралууда. Жоржияда ал жакта 2020-жылкы президенттик шайлоонун жыйынтыгын өзгөртүү аракети иликтенүүдө. Бул иштер эмне менен аяктары белгисиз.

Буга карабай, АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп 2024-жылы өтө турган президенттик шайлоодо Республика партиясынын атынан катышуу үчүн өз талапкерлигин көргөздү. Республикачылар арасында Трампты колдогондор көп. Ага каттоого алынган республикачылардын 80 пайызы оң карашат, бул 2020-жылдагы шайлоо күнүнө карата 11 пайызга гана аз көрсөткүч.

XS
SM
MD
LG