Ссылки доступа

БУУ комитети Түркмөнстанга гендердик зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүнү сунуштады


Көлөкөдө отурган аялдар. Түркмөнстан (архив сүрөт)
Көлөкөдө отурган аялдар. Түркмөнстан (архив сүрөт)

БУУнун Аялдарга каршы дискриминацияны жоюу комитети бир катар өлкөлөрдүн, анын ичинде Түркмөнстандын "Аялдарды дискриминациялоонун бардык түрлөрүн жоюу конвенциясынын" аткарылышы боюнча берген отчеттору менен таанышып чыгып, өз корутундусун жарыялады.

2-февралда Женевадагы сессияда баяндама жасаган түркмөн делегациясынын башчысы, өлкөнүн тышкы иштер министринин орун басары Мяхри Бяшимов Түркмөнстанда аялдар үчүн дресс-код бар экендиги тууралуу билдирүүлөрдү четке каккан. Ошол эле маалда түркмөн телеканалдарындагы ар күнкү репортаждардан өлкөдө аялдар үчүн кийим кийүүдө кандай талаптар коюлганын көрүүгө болот.

Өз корутундусунда БУУ комитетинин эксперттери Түркмөнстанда гендердик зомбулукка байланышкан мыйзамдар жок экенин белгилеп, өлкө бийлигин аялдарга карата зомбулуктун бардык түрлөрү, анын ичинде үй-бүлөдөгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигин киргизүүгө чакырышты.

Эксперттер Түркмөнстанга гендердик зомбулуктун бардык түрүн жоюу боюнча стратегия иштеп чыгууну жана зомбулук курмандыктарын акысыз юридикалык жана медициналык жардам менен камсыз кылууну да сунушташты.

Эксперттердин пикиринде, Түркмөнстанда кыз-келиндер кийимге жана сырткы көрүнүшкө байланышкан гендердик стереотиптерден улам басымга кабылышат.

Мындан тышкары БУУ эксперттери Түркмөнстанда аялдардын жалгыз саякаттоосуна жана автоунаа айдоосуна киргизилген чектөөлөргө байланыштуу тынчсызданууларын билдиришти.

Түркмөнстандын бийлиги өлкөдө аялдар мыйзамдарда каралган бардык укуктарын колдонушарын, алардын билим алууга, эмгектенүүгө, добуш берүүгө жана шайланууга болгон укуктары чектелбегенин билдирүүдө.

Бирок байкоочулар, анын ичинде жарандык активисттер менен бийликти сындап жүргөндөр Түркмөнстанда аялдардын билим алууга, жумушка орношууга, эркектер менен бирдей айлык алууга жана өлкөнүн саясий жашоосуна аралашууга болгон укуктарын колдонуусунда көптөгөн тоскоолдуктар бар экенин айтып келишет.

БУУ комитетинин билдирүүсүндө ошондой эле Түркмөнстанда аялдар өлкө парламентинин төмөнкү палатасында 24,8%, жогорку палатасында 27% гана түзөрү жазылган. Мындан тышкары өлкөнүн Министрлер кабинетинде бир гана аял бар экени, муниципалдык кеңештер менен саясий партиялардагы жетектөөчү кызматтарда да аялдар өтө эле аз экени белгиленген.

Эксперттер 2030-жылга карата гендердик теңчиликке жетүү үчүн Түркмөнстанга шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизип, саясий партиялардын шайлоо тизмелерине аялдар үчүн квоталарды киргизүүнү да сунушташты.

Эл аралык уюмдар буга чейин да Түркмөнстанга аялдарга каршы дискриминацияны жоюу жана бул маселени чечүүнүн жолдорун издөө боюнча сунуштарды беришкен.

XS
SM
MD
LG