Ссылки доступа

Meta 10 миң кызматкерин кыскартат


Facebook, Instagram жана Whatsapp мессенжерине ээлик кылган Meta Platforms корпорациясы 10 миң кызматкерди жумуштан кетирүүгө даярданып жатканын билдирди. Былтыр ноябрда Meta 11 миң кызматкерин кыскарткан.

Meta Platforms корпорациясынын башчысы Марк Цукерберг кызматкерлерге кайрылуу жасап, "кыскартуу жараяны" оор болорун билдирди. Компания жетекчилиги бош турган 5000 орунга кызматкерлерди кабыл алуудан да баш тартты.

Цукерберг 2022-жылы Metaнын кирешеси кыйла төмөндөп, бул компания үчүн "олуттуу белги" болду деп эсептейт. Анын пикиринде, азыркы экономикалык реалдуулук көп жылдар бою сакталат. Мурдараак Meta 2022-жылдын акыркы чейрегинде компаниянын кирешеси 4% төмөндөгөнүн, ага карабай бир жылда 23 млрд. доллар пайда тапканын кабарлаган.

Бүгүн, 15-мартта кыскартуу жөнүндө алгачкылардан болуп персоналдарды кабыл алуу бөлүмдөрү билдирүү алышат. Апрелдин аягында техникалык бөлүмдөрдө, майдын аягында бизнес бөлүмдөрдө кыскартуу болот.

Цукерберг кайрылуусунда Metaнын техникалык кызматкерлерин кеңсеге кайтууга чакырды. Анын баамында, "карьеранын алгачкы баскычында инженерлер жумасына кур дегенде үч жолу кеңсеге келсе, жигердүү иштешет".

Буга чейин Google жана YouTube компанияларына ээлик кылган Alphabet компаниясы 12 миң жумуш ордун кыскарткан, Amazon 18 миң кызматкери иштен кетерин жарыялаган. layoff.fyi сайтынын маалыматына караганда, 2023-жылы IT тармагында жалпысынан 123 миң жумуш орду кыскарат.

XS
SM
MD
LG