Күлсарылыктардын айрымдары селден улам талкаланган үйлөргө төлөнүп жаткан кундун көлөмүнө нааразы. Жергиликтүү тургун Алмагүл Жауынбаева акимчилик сунуштаган 21 миллион теңге (44 миң доллар) боюнча сотто даттанды, анткени анын экспертинин айтымында, үй бузулууга тийиш жана калыбына келтирүү үчүн дагы көп каражат талап кылынат.
Учурда Күлсары шаарындагы турак жайларды калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Расмий маалымат боюнча, миңден ашуун үй ээлери оңдоо иштерин баштады. Кээ бир үй ээлери короосундагы топурактын толук кургаганын күтүп, курулушту кийинки жылга калтырышты.
Күлсарынын айрым тургундары компенсация аркылуу башка конуштардан үй сатып алышкан.
Күлсары шаарынын жанындагы «Болашак» кичи районунда селден жабыркагандар үчүн 100 жаңы үй курулуп жатат. План боюнча бир ай мурун башталган курулуш август айынын аягына чейин бүтүшү керек. 80 үйдүн курулушу «Казакстан элине» фондунан каржыланса, калган 20 үйдүн курулушуна облустук бюджеттен каражат бөлүнгөн.
Күлсары шаарынын тургундары көз карандысыз техникалык изилдөөнүн жана баалоонун жыйынтыгын алышты. Баалоо комиссиясынын чечимине канааттанбаган жашоочулар атайын түзүлгөн райондук комиссияга кайрылса болот. Комиссиянын корутундусу менен макул болбогон учурда жарандардын сотко кайрылууга укугу бар.
Расмий маалымат боюнча, жазгы селдин кесепетинен Күлсарыда 3 миңдей үйдү суу каптап, 4 адам каза болгон. Учурда 2635 турак жайдын ээлерине кун төлөнүп, 15 үйдүн ээлери менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Күлсары шаарында 1453 үй кооптуу деп табылса, 1180 үй капиталдык оңдоону талап кылат. Эвакуация борборунда 3 үй-бүлө, жалпысынан 21 адам жашап жатат. Жабыркагандарга акчалай төлөмдөр жергиликтүү бюджеттен жана ири компаниялар менен демөөрчүлөрдүн эсебинен бөлүндү.