Каражат Украинага жана коңшулаш өлкөлөргө аскердик жардам берүүгө жана курал-жарак жеткирүүгө жумшалат.
Сенат 13-майда мыйзам долбоорун тездетилген процедура менен кабыл алуу боюнча тил табыша алган эмес. Буга республикачыл сенат Рэнд Полдун мыйзамга чыгымдарды текшере турган федералдык инспектор тууралуу пункт киргизүүнү талап кылгандыгы себеп болгон.
Ири суммадагы каражатты бөлүү тууралуу мыйзам долбоорун АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасы 10-майда жактырган. Ага конрессмендердин 367си "макул", 57си каршы добуш берген.
АКШ президенти Жо Байден Конгресстен Украинага 33 млрд. долларлык көмөк берүүнү өтүнгөн. Конгрессмендер ага дагы 7 млрд. доллардай каражат кошуп, колдоп беришкен.
Мыйзам долбоору эми кол коюу үчүн президент Жо Байденге жөнөтүлөт.