Ссылки доступа

АКШнын коргонуу бюджети 848 млрд доллар болору күтүлүүдө


АКШ Конгрессинин Сенаты 2023-жылга карата Кошмо Штаттардын коргонуу бюджети боюнча макулдашууга келди. Документ Өкүлдөр палатасы менен да макулдашылды.

Бюджет 847,3 млрд долларды түзөт, анын ичинде Украинага жардам иретинде бериле турган 800 млн доллар да бар.

Коргонуу бюджетинин бул долбоору АКШнын тарыхында эң эле көлөмдүүсү болуп калат. Эми конгрессмендер менен сенаторлор документке добуш бериши керек, андан соң ал президент Жо Байдендин кол коюусуна жөнөтүлөт.

Долбоордо Орусиянын Европага көрсөткөн сүрүн "тизгиндөөгө" 6 млрд доллар бөлүү, Москва менен аскердик кызматташууга беш жылга тыюу салуу, Орусияны эл аралык уюмдардан, анын ичинде "Чоң жыйырмадан" чыгарууга жетишүү каралган.

2021-жылы АКШнын коргонуу бюджети $740,5 млрд болгон.

XS
SM
MD
LG