Ссылки доступа

Согушту колдогону үчүн Полина Гагаринанын Алматыдагы концерти өтпөй турган болду


Полина Гагарина (архив сүрөт)
Полина Гагарина (архив сүрөт)

Казакстанда орусиялык эстрада ырчысы Полина Гагаринанын концерти өтпөй турган болду. Бул тууралуу "Арбат.медиа" казак басылмасы кабарлады.

Маалыматка караганда, буга социалдык түйүн колдонуучулары өлкөгө согушту колдогон ырчынын чакырылышына нааразылык билдиргени себеп болду.

Гагаринанын концерти 14-февралда Алматы шаарында өтүшү керек болчу. Бул жөнүндө жарыя пайда болгондон көп өтпөй соцтармак колдонуучулары "Казакстанга белгилүү Z-ырчыны чакырганы үчүн" уюштуруучуларды сындаган билдирүүлөрдү жаза башташкан.

Азырынча концерт өтпөй турганы жөнүндө расмий билдирүү жок. Бирок концерт тууралуу Гагаринанын, уюштуруучулардын жана ири билет сатуу агенттиктеринин сайттарындагы бардык жарыялар алынып салынган.

Көп өтпөй Интернетте ырчынын өкүлдөрү менен болгон жазышуулардын скриншоттору пайда болду. Анда алар концерт болбой турганын ырасташкан.

Полина Гагарина Орусиянын Украинага кол салуусун ачык колдоп келет. 25-февралда ал согушту "тынчтык орнотуучу операция" деп атаган ырчы Николай Басковдун билдирүүсүнө лайк койгон. Марттын ортосунда ал Крымдын аннексияланышынын жылдыгына карата Москвадагы Лужники стадионунда өткөн концертте ырдаган.

Ноябрдын башында Казакстанда Украинадагы согушту ачык колдоп жүргөн орусиялык ырчы Филипп Киркоровдун эки концерти өткөн.

XS
SM
MD
LG